Мамлекеттик ооруканада боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү ишке ашты


Кыргызстандын медицина тармагында тарыхый окуя болуп, боорду алмаштыруу операциясы алгачкы жолу мамлекеттик ооруканада — Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда ийгиликтүү жасалды. Донор катары бейтаптын 20 жаштагы уулу катышып, учурда экөөнүн тең абалы жакшы жана дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдиргендей, бул жетишкендик өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагында жүрүп жаткан реформалардын жана мамлекеттик колдоонун түздөн-түз натыйжасы болуп саналат. Акыркы жылдары медицина тармагын каржылоо көбөйүп, буга чейин чет өлкөлөрдө гана ири суммадагы каражаттарга жасалып келген боор, бөйрөк алмаштыруу операциялары эми мамлекеттин каржылоосу менен өзүбүздө ишке ашырыла баштады.

Мындан тышкары, апрель айынан тарта дарыгерлердин айлык маянасы 100% жогорулап, медицина кызматкерлерине болгон камкордук күчөтүлдү. Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана жарандарга заманбап медициналык шарттарды түзүү — Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик саясатындагы эң башкы артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин Орунбеков кошумчалады.