Бүгүн республиканын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми Баткенде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын өрөөнүндө +13…+18 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20…+22, Ошто +24…+26 градуска жетет.

