Астана, 2026-жылдын 24-апрели — Кыргыз Республикасынын делегациясы Регионалдык экологиялык саммиттин жана Климаттын өзгөрүшү боюнча Борбор Азия конференциясынын (ЦАКИК 2026) алкагында өткөн RESILAND CA+ программасынын Регионалдык консультациялык комитетинин (РКК) бешинчи жыйынына, ошондой эле ландшафттарды трансчекаралык калыбына келтирүү маселелерине арналган тематикалык сессияга катышты.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында иш-чараларга төмөнкүлөр катышты:
– Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов;
– Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев;
– Токой кызматынын токой экосистемаларын өнүктүрүү жана стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы Талант Абдыкадыров.
РККнын жыйыны Борбор Азия өлкөлөрүн жана эл аралык өнөктөштөрдү ландшафттарды калыбына келтирүү, табигый тобокелдиктерди азайтуу жана регионалдык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча практикалык кадамдарды талкуулоо үчүн бириктирди. Негизги көңүл улуттук долбоорлорду координациялоого, маалымат жана мыкты тажрыйба алмашууга, мониторингдин санариптик инструменттерин жана алдың ала эскертүү системаларын өнүктүрүүгө бурулду.
«Кыргызстан кооптуу табигый процесстердин таасирине дуушар болгон тоолуу өлкө. Бүгүнкү күндө биз ири масштабдагы тобокелдиктерге туш болуп жатабыз: 4500дөн ашуун активдүү жер көчкү, 2000ден ашуун сел жана сел жүрүүчү аймактар, жүздөгөн жарылып кетүү коркунучу бар бийик тоолуу көлдөр бар. Бул көрүнүштөр калкка, инфраструктурага жана аймактардын туруктуу өнүгүүсүнө коркунуч жаратат. Мындай шартта ландшафттарды калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча системалуу мамиле өзгөчө мааниге ээ. Биз RESILAND CA+ регионалдык программасын жогору баалап, анын алкагындагы кызматташтыкты Борбор Азия деңгээлинде күч-аракеттерди бириктирүү жана макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү механизм катары карайбыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов.
Ошондой эле Регионалдык диалогдо ландшафттарды трансчекаралык калыбына келтирүүгө арналган тематикалык сессия өтүп, анын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен чаралары талкууланды.
«KG RESILAND долбоорунун алкагында Регионалдык экологиялык борбор менен биргеликте Борбор Азияда коңшу өлкөлөр аралык мүнөздөгү климаттык шарттарга байланыштуу табигый кырсыктардын онлайн-каталогу иштелип чыгууда. Ал регион өлкөлөрүнүн ортосунда геомейкиндиктик маалыматтарды чогултуу, талдоо жана алмашуу үчүн инструмент болуп, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатууга, аракеттерди координациялоону жакшыртууга жана табигый кырсыктардан келүүчү зыянды азайтууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи жыйында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев.
Мындан тышкары, катышуучулар өлкөлөр аралык демилгелерди өнүктүрүү, жерлердин деградациясына жана чөлдөшүүгө каршы күрөшүү үчүн жаратылышка негизделген чечимдерди кеңири колдонуу, ошондой эле регионалдык эрте эскертүү системаларын, анын ичинде токой өрттөрү боюнча системаларды түзүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин кесилишинде «Тынчтык паркын» түзүү демилгесине өзүнчө көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасынын аталган иш-чараларга катышуусу «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү», RESILAND CA+ программасынын (KG RESILAND) ишке ашырылышы менен түздөн-түз байланыштуу. Долбоордун алкагында өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтууга жана ландшафттарды калыбына келтирүүгө багытталган приоритеттүү участоктор боюнча долбоордук документтерди даярдоо жана чечимдерди киргизүү иштери жүргүзүлүүдө.
Иш-чаралардын жыйынтыгында катышуучулар Борбор Азияда ландшафттарды узак мөөнөттүү калыбына келтирүүгө багытталган регионалдык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, тажрыйба алмашууну туруктуу жүргүзүү жана чечимдерди макулдашуу зарылдыгын белгилешти.







