Бишкекте алгачкы көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылды


“Орто-Сай” базарынын тушундагы 5 кабат имаратка 245 унаа батат. Айдоочулар алгачкы эки саатка 30 сом, андан кийин саатына 10 сомдон төлөшөт.

Курулушка 220 млн сом инвестиция салынганы кошумчаланды. Ал эми имараттын чатырында үч теннис корту курулган.