Бишкектин Биринчи май районунун ИИБ басма сөз кызматы 25-апрелде кичинекей кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалганын билдирди.
Окуя 24-апрелде Ак-Босого конушунда болгон. Окуяны жергиликтүү тургундар билдиришкендей, өтүп бара жаткан айдоочулардын бири өспүрүм жигит менен 7 жашар кызды байкап калган. Ал балага жардам берүү үчүн токтоп, башка тургундарды жардамга чакырган. Алар жигиттин колу-бутун байлап, милиция чакырышкан.
Окуя болгон жерге №8 шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу дароо келип, шектүүнү кармашкан. Ал 2003-жылы туулган Г.Р. аттуу жаран болуп чыкты.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси («Зордуктоого аракет кылуу») боюнча катталды. Карманган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Милиция кайдыгер карабай, кылмыштын алдын алууга жардам берген жарандарга ыраазычылык билдирет.

