Кыргызстандык спортчу Эрлан Султангазиев Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайдын Хефей шаарында 24–26-апрель күндөрү байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Азия чемпионаты өттү.
Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Эрлан Султангазиев 200 метр аралыкка болгон мелдеште күмүш медаль тагынды.
Бул ири мелдешке Азиянын 19 өлкөсүнөн спортчулар катышты.

