Трампка кол салууга шектелген жарандын себеби ачыкталды


Вашингтондо президент Трамп катышкан иш-чарада ок чыгарган Коул Аллен Украинанын активдүү тарапташы болгону аныкталды. РИА Новости жазгандай, шектүү АКШнын Украинага курал-жарак жана каржылык көмөгүнүн азайышына нааразы болуп, администрацияны социалдык тармактар аркылуу такай сындап келген.

Эскерте кетсек, ишемби күнү кечинде куралчан адам мейманканага кирип келип, Жашыруун кызматтын кызматкерин жарадар кылган. Окуядан улам президент жана жүздөгөн коноктор коопсуз жерге чыгарылган. Трамп буга чейин Украинага бөлүнгөн 350 миллиард долларды натыйжасыз чыгым катары атап, жардамды чектөө керектигин бир нече ирет билдирген.