Көк-бөрү федерациясынын курултайы өтөт. Бул тууралуу федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, курултай 3-май күнү өтөт, бул тууралуу федерациянын башкармалык кеңешинин жыйынында чечилген.
Курултайда федерациянын учурдагы президенти Акылбек Эшимовдун ишмердүүлүгү боюнча отчету жана ээлеген кызматынан өз ыктыяры менен кетүү боюнча арызы каралат. Ошондой эле курултайда Көк-бөрү федерациясынын жетекчилигине талапкерлерди сунуштоо жана жаңы президентти шайлоо боюнча маселелер күн тартибине коюлду.
Белгилей кетсек Акылбек Эшимов ушул жылдын 3-февралында Көк-бөрү федерациясына жетекчи болуп шайланган. Ага чейин бул кызматты Рамис Жунусалиев аткарып келген.

