Садыр Жапаров «75 кишинин каты» жана Ташиевдер тууралуу тергөөнүн жүрүшү боюнча маек берди


Президент Садыр Жапаров Kaktus.media порталына курган маегинде 2026-жылдын февраль айындагы саясий окуялар тууралуу суроолорго жооп берген.
Анда президенттик шайлоону эрте өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусу жөнүндө да сөз болгон.
“Мен бир нече булактардан ар кандай маалыматтарды алам. “75 кишинин каты” делген окуянын айланасында аракеттер башталганда менде маалымат бар болчу. Мен бул кайрылуунун Жогорку Кеңешке келип түшкөнүн, анын төрагага, тиешелүү комитеттердин төрагаларына чейин жетишин көзөмөлдөп турдум. Бул аралыкта кайрылууга кимдин тиешеси бар, ким ким менен жолугуп жатканы тууралуу маалымат алдым. Маселе парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы болгондо, мен тез жана чечкиндүү кадамдарга бардым. Кырдаал башынан эле көзөмөлгө алынган” , — деди Садыр Жапаров.
Ал эми “75 кишинин катына” УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тиешеси барбы, андай болсо, эмне үчүн дагы деле эркиндикте жүрөт? деген суроого төмөнкүдөй жооп берген:
“Анын тиешеси бар же жок экенин тергөө жана сот аныктайт. Ушул тапта тергөө уланууда. Тергөө бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлөт. Акыркы чечимди — ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес — сот чечим кабыл алат”, — деди президент.
Журналист Садыр Жапаровдун Камчыбек Ташиев менен достугу абактагы экс-депутат, Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиевдин эркиндикке чыгышына же кылмыштан качуусуна таасир этеби деп сураган.
«Жок, андай болбойт. Бийликке келгенден бери мен үчүн «дос», «тууган», «жакын адам» деген түшүнүктөр жок экенин, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы дайыма биринчи орунда экенин, мыйзам бузулса, эч ким жоопкерчиликтен кутулбайт деп көп жолу айтып келгем.
Тергөө Шаирбек Ташиевдин «Кыргызнефтегаздагы» коррупциялык схемага катыштыгы бар экенин аныктап, анын натыйжасында мамлекетке 4 миллиард 115 миллион сом зыян келтирилгени белгилүү болду. Бул сумма бюджетке толук кайтарылгандан кийин гана аны бошотуу каралышы мүмкүн” , — деди президент.