Ысык-Атада «Дөө Чыңгыздын» кылмыштуу тобуна таандык курал-жарактар табылды


УКМК Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ичке-Суу айылынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жайды тапты. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул куралдар 2022-жылы СИЗО-1де өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Чыңгыз Жумагуловдун («Дөө Чыңгыз») кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык.

Айылдагы жергиликтүү көрүстөндөрдүн биринин аймагында жайгашкан жашыруун жайдан төмөнкүлөр табылган:

  • Бир кесилген аңчылык мылтыгы (обрез);

  • 2 даана револьвер тибиндеги тапанча;

  • 2 даана «Черёмуха-1» кол газ гранатасы;

  • Бикфорд шнуру;

  • ПМ жана ТТ тапанчаларынын окчонтойлору (магазин);

  • Ар кандай калибрдеги ок-дарылар.

Маалыматка ылайык, бул куралдар мурда оор кылмыштарды жасоодо колдонулган жана келечектеги кылмыштуу пландар үчүн катылган. Учурда куралдардын келип чыгышы жана аларды каткандарды аныктоо иштери жүрүүдө.