Акча опузалап жүргөн жалган милиционерлер кармалды


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери акча талап кылган деген шек менен жалган милиционерлерди кармашты.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 21-февралда милицияга Токмок шаарынын 18 жаштагы тургунунан милиция кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, акча талап кылып жатат деген маалымат түшкөн. Факт каттоого алынган.

«Шектүүлөр өзүн Токмок ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырган. Алар арыз ээсинин уурулукка тиешеси бар экенин айтып, андан 30 миң сом талап кыла кыла башташкан. Чүй ОИИБ менен Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан 22-январда 1996- жылы туулган А.И., 2004-жылы туулган Ж.И. жана 2004-жылы туулган А.К. бул ишке шектелип кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Алар убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.