Муфтият битир-садаканын өлчөмүн бекитти


Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2025-жылдагы садака-битирдин өлчөмүн бекитти.

Муфтият Кыргызстандагы мусулмандар үчүн садака-битирди берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартибин бекитет:

Садака-битир ар бир жан башына — буудай, ун жана мейизден 1 килограмм 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 грамм же алардын акчалай баасынын өлчөмү берилет. «Садака-битир берүүчү адам төмөндө көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел», — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстанда Орозо айы 1-марттан башталат.