Ысык-Көлдөн 600 метрге жеткен эски торлор чыгарылды


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, суучулдар эски торлорду 10-май күнү көлдү тазалоо учурунда Түп районунун Күрмөнтү айылынын тушунан алып чыгышкан.

Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.