Кыргызстандык 180 зыяратчы Мединага ажылыкка жөнөп кетти


Кыргызстандык 180 зыяратчыдан турган алгачкы топ ажылык парзын өтөө үчүн Медина шаарына жөнөп кетти. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, каттам Ош аэропортунан учкан.

Муфтий Абдулазиз Закиров зыяратчыларды тартипти бекем сактоого жана топ жетекчилеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырды. Аларды узатууга муфтияттын өкүлдөрү, диний ишмерлер жана Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким келишти.