“Барселона” мөөнөтүнөн мурда Испаниянын чемпиону болду


«Барселона» Ла Лиганын 35-турунда «Реалды» утуп, 29-ирет Испаниянын чемпиону аталды. Испаниянын Барселона шаарында өткөн Эль-класико 2:0 эсеби менен каталониялыктардын пайдасына жыйынтыкталып, турнирдик таблицада мадриддиктерден 14 упайга алдыда келе жаткан «Барселона» чемпиондукту мөөнөтүнөн мурда камсыздады. Гол ээлери Маркус Рашфорд жана Ферран Торрес.

Сезондун аякташына дагы 3 тур калды.