Бул тууралуу 13-майда Биринчи май райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя тартылган видео 11-майда социалдык тармактарга тараган. Кадрлардан жүргүнчү хиджаб кийген кызга жыныстык мүчөсүн тийгизип жатканын көрүүгө болот. Ал видеонун автору эскертүү бергенден кийин гана аракетин токтоткон.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында милиция кызматкерлери ал кишинин өздүгүн аныкташкан. Ал 1957-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран болуп чыкты.
Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол толтурулду. Ошондой эле, тартип бузуучу Республикалык психикалык ден соолук борборуна жаткырылды.

