Кыргызстан 2028-жылкы Олимпиадага 24 лицензия алууну көздөп жатат


Кыргызстан 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына кеминде 24 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу 29-апрелде министрлер кабинети бекиткен 2030-жылга чейинки дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасында айтылат.
Документке ылайык, ошол эле учурда 1000 спорт адисин даярдоо жана кайра окутуу каралган.
Мындан тышкары, эл аралык спорттук жетишкендиктерди 40 пайызга жогорулатуу, спорттун Олимпиадага кирбеген түрлөрү: киберспорт, триатлон, кроссфит жана улуттук спортту өнүктүрүү пландалууда. ошондой эле спорт менен туруктуу машыккан калктын үлүшүн азыркы 15 пайыздан 30 пайызга чейин көтөрүү каралган. Бул максатта өлкөнүн ар бир районунда атайын борборлор ачылмакчы.