Бул тууралуу маалыматы Ош шаардык милициядан тастыкташты.
Алдын ала берилген маалыматка таянсак, 73 жаштагы киши Он-Адыр аймагында таксичилик кылып жүргөн. Анын автоунаасына мурда соттолгон 28 жаштагы М.Ш. кардар болуп түшкөн. Алар Түштүк кичи району тарапка барган. Ошол жерден М.Ш. таксистти таш менен башка 10дон ашык жолу уруп өлтүргөнү айтылат.
Андан кийин шектүү маркумдун сөөгүн талаага таштап, машинасын айдап кеткен. Шектүү кармалды.

