Бүгүн күндүз өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, ал эми бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 29…34, Талас облусунда 26…31, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 30…35 градус жылуу болот.
Абанын табы Бишкекте 31…33, Ош шаарында 33…35 градуска чыгат.

