Бүгүн өлкө аймагында жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология кызматы билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Таласта +27…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарында +22…+24 градуска жетет.
Бишкекте жана Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөйт дешти. Аптап күчүнө келип, термометр эки калаада +29…+31 градусту көрсөтөт.

