Мыктыбек Абдылдаев менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат


Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдылдаев Мыктыбек Юсупович менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп жатат.

Абдылдаев 8-июнда 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Коштошуу зыйнатына Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевдин катышары маалымдалган.