Бүгүн өлкөнүн кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Таласта +29…+34, Ысык-Көл менен Нарын регионунда +24…+29 градуска жетет.
Бул күнү Бишкек, Чолпон-Атада өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35…+37, Ош калаасында +36…+38, ал эми Чолпон-Атада +25…+27 градуска жетет.

