Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди


Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат төрттөр чамасында Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан 143 чакырым түштүк-чыгышта күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.

Белгилей кетсек, күн мурун, 14-июнда Жалал-Абад облусунунун Токтогул районунан 36 чакырым чыгышта, Торкент айылынан 19 чакырым түндүк-чыгышта күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган болчу.