Нарын облусунун Кочкор районунда баасы 30 млн 500 миң сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жери мамлекетке кайтарылды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Чолпон айыл аймагындагы «Эрсары-Шайтан-Кашар» тилкеси 1996-жылы жеке дыйкан чарбасына 99 жылга мыйзамсыз берилип кеткен. Прокурордук чаралар жана соттук териштирүүлөрдөн кийин актылар жараксыз деп табылып, жер муниципалдык менчикке кайтарылды.

