Royal Central Park кезектеги майрамдык иш-чарасын уюштуруп, шаар тургундарына унутулгус көз ирмемдерди тартуулады.





Салтанатка 20 миңге жакын адам катышып, анын алкагында өткөн «Royal Central Park’s Got Talent» шоусунда 200гө жакын таланттуу жаштар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Иш-чара учурунда «Аврора» мунарасы расмий ачылып, бардык зарыл инфраструктурасы (мектеп, бала бакча, оорукана, соода борборлору) каралган заманбап «The Essence» турак жай комплекси тааныштырылды.


Курулуштун жүрүшү менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да таанышып, бул долбоор башкаларга үлгү болорун белгиледи. 13-июндагы майрамдык кече ыр-бий, баалуу белектер ойнотулган оюндар, музыкалык фонтан, жарык шоусу жана фейерверк менен коштолду.

