Чүйдө изделип жаткан кызды бут кийимдин боосу менен өлтүргөн шектүү кармалды


Чүйдө дайынсыз болуп жаткан кыздын сөөгү табылып, шектүү катары 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 19-февралда милицияга аял кайрылып, 22 жаштагы кызы 18-февралга караган түнү Гидростроитель айылындагы үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.

Текшерүү учурунда ал кыз тааныш баласы менен айылдагы мектептин айланасынан жолукканы белгилүү болгон.

«Ал жерден алар чырдаша кетип, бала кызды сабап, батинкесинин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң талаага алып барып камыш, куурап, жалбырак менен көмүп койгон»,-деп жазылат милициянын маалыматында.

Кылмышка шектелип кармалган 2004-жылы туулган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.