Украина минералдар боюнча АКШ менен келишим шарттарын макулдашты


Украина минералдык ресурстарды биргелешип иштеп чыгуу боюнча АКШ менен келишим шарттарын макулдашты. Бул тууралуу Financial Times жазды. Басылманын айтымында Дональд Трамп «Келишим 1 триллион долларлык болушу мүмкүн”, деген.

24-февралдагы келишимге ылайык, Украина мамлекеттик минералдык ресурстарды, анын ичинде мунай жана газды иштетүүдөн түшкөн кирешенин 50% ын, ошондой эле аны коштогон логистиканы кошо турган фондду түзүү каралган. Фонд Украинадагы долбоорлорго инвестиция салат. Ага Украинанын казынасын толуктап турган минералдык ресурстар кирбейт. Мисалы, «Нафтогаз» же «Укрнафта».