17-июнда МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында «Куланак» каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда долбоордун аткарылышы, курулуш иштеринин учурдагы абалы жана анын аймактын ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү мааниси каралды.
«Куланак» каналынын жаңы тилкесин куруу долбоору Кыргыз Республикасынын ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Учурда узундугу 4,9 чакырым болгон каналдын курулушу жүрүп жатат. Долбоор аяктагандан кийин анын суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 7,5 куб метрге чейин жетип, 5081 гектар айыл чарба жерин суу менен камсыздоо жакшырат.
Ошондой эле долбоордун экинчи этабында 34 чакырым каналды реабилитациялоо жана кошумча 10 чакырым жаңы канал куруу каралган. Натыйжада дагы 2120 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, сугат жерлеринин жалпы аянты 7221 гектарга жетет. Эрлист Акунбеков долбоорду өз мөөнөтүндө бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо аймактын агрардык секторун өнүктүрүүгө жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөрүн айтты.

