“Үй сатылат” деген такталар үчүн бирдиктүү дизайн иштелип чыкты


Курулуш министрлиги билдиргендей, шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаары боюнча шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери үй сатуу тууралуу жарыя тактасынын жаңы бирдиктүү эскиздик долбоорун иштеп чыкты.

Жаңы демилгенин негизги максаты – Бишкектеги бирдиктүү визуалдык стилди камсыз кылуу.

Долбоор колдонуудагы дизайн-коддун белгиленген талаптарына ылайык даярдалып, Бишкек шаарынын аймагында бирдиктүү үлгү катары киргизүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, бул үлгү жеке турак жай курулуш объектилерине гана колдонулат.