17-июнда МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу станциянын курулушуна расмий старт берди.
🔷Долбоор Нарын шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу инфраструктурасын модернизациялоого багытталган. Анын алкагында жаңы канализациялык тармактар курулуп, насос станциялары орнотулат жана 20 миң адамга эсептелген заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулма пайдаланууга берилет. Натыйжада миңдеген тургундарды борборлоштурулган канализация системасына туташтыруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, Нарын дарыясынын экологиялык коопсуздугун камсыздоого өбөлгө болот.
🔷МинКаб Төрагасынын орун басары бул долбоор өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү жана инженердик инфраструктурасын жаңылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи: «Бул долбоор шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, экологиялык коопсуздукту чыңдоого жана Нарын шаарынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Мындай долбоорлор элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясаттын практикалык жыйынтыгы болуп саналат».
🔷Белгилей кетсек, долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын жалпы наркы 10,7 миллион еврону түзөт. Долбоордун алкагында буга чейин шаардагы суу менен камсыздоо системасын жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлүп, суу түтүктөрү реконструкцияланган, суу жоготуулары кыскартылган жана жаңы суу алуу объектилери курулган. Учурда өлкө боюнча таза суу жана саркынды суу системаларын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор 25 шаарда жана 600 айылда ишке ашырылууда.

