Бүгүн өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Таласта +26…+31, Ош, Жалал-Абад облустарында +29…+34, Баткенде +28…+33, Ысык-Көл аймагында +23…+28, Нарын регионунда +22…+27 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30…+32, Ош калаасында +32…+34, Чолпон-Ата шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт.

