Чүйдө өспүрүм бала туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жатканын кошунасына айтып даттанган.
Социалдык тармактарда 14 жаштагы өспүрүм баланын жергиликтүү тургунга арманын айтып жаткан видеосу тарады. Анда бала үйүнөн качып чыкканын, анткени туугандары аны эки жылдан ашык убакыттан бери мажбурлап иштетип, сабап жана курч нерсе менен денесине жаракат келтирип жүрүшкөнүн айтып берген. Өспүрүм сөзүнүн чындыгын далилдеш үчүн денесиндеги жарааттардын изин кошунасына көрсөткөн. Бул окуяны видеого тартып алган киши баланы дароо милицияга алып барган.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.

