Биринчи май райондук сотунун маалыматына ылайык, ага “уюшкан кылмыштуу топ түзүү же катышуу” беренеси боюнча айып тагылууда. Соттун чечими менен ал 30-июнга чейин камакка алынды.
Маалыматтарга караганда, Төрөкулов 2021-жылы да коррупция жана Ош шаарындагы заводду рейдерлик жол менен басып алууга шектелип кармалган. Ал айрым чөйрөлөрдө “Душка” деген каймана ат менен белгилүү.

