27-июнга карата аба ырайы


Бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын дубандарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Таласта +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл аймагында +26…+31, Нарын регионунда +25…+30 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35…+37, Ош калаасында +36…+38, Чолпон-Ата шаарында +26…+28 градусту көрсөтөт.
Эске салсак, ӨКМ 27-29-июнда күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетерин айткан.