“Ала-Тоо резорт” лыжа базасы декабрда иштеп баштайт. Президент Садыр Жапаров асма жолдун ишин баштап берди.
Маалыматка караганда узундугу 1727 жана 2296 метр болгон эки асма жол курулуп бүттү. Лыжа базасы быйыл декабрда биринчи эс алуучуларын кабыл ала баштайт.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу болжол менен 120 км болгон лыжа тепкен жол салуу пландалган. Келечекте эл аралык мелдештерди да өткөрсө болорун айтышты. Жылына 4 миллионго чейин турист кабыл алып, болжол менен 7 миң жаңы жумуш орду түзүлөт.


