КР УКМК тарабынан өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жеке мамилеси бар экендигин айтып, курулуш компанияларынын бирине Бишкек шаарынын аймагынан жер тилкесин алып берүүнү убада кылган КР жарандары «К.У.А.» жана «Б.Т.» тарабынан жасалган алдамчылык фактысы аныкталды. Шектүүлөр бул маселени чечип берүү үчүн 1 миллион 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан.
Муну менен катар, «К.У.А.» жана «Б.Т.» алдын ала төлөм катары 70 миң АКШ долларын жана базар баасы 15 миң АКШ долларын түзгөн «KIA K5» маркасындагы автоунааны алышкан. Бирок, өздөрүнө алган милдеттенмелерди аткарышкан эмес.
Жаббырлануучу (ээси) акчасын жана унаасын кайтарып берүүнү мыйзамдуу түрдө талап кылганда, «К.У.А.» жана «Б.Т.» республиканын жетекчилиги менен байланыштары бар экенине таянып, жолугушуудан качып, акчаны жана унааны кайтарып берүүдөн баш тартышкан.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында «К.У.А.» жана «Б.Т.» кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына (СИЗО) киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

