Социалдык фонд пенсия курагына жеткендерге жана майыптыгы бар жарандарга пенсия дайындоо процессин толугу менен өзгөртө турган жаңы системаны ишке киргизүүгө даярданууда.
Эми жарандарга маалым каттарды чогултуунун жана Соцфонддун бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок. Система эмгек стажы жана кирешелер тууралуу маалыматтарды өзү топтоп, төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептейт жана пенсияны автоматтык түрдө тариздейт.
Пенсия курагына жетүүгө туура бир ай калганда кыргызстандыктардын «Түндүк» тиркемесиндеги жеке кабинетине Соцфонддон билдирүү келет, аны ачып, пенсия ала турган банкты гана тандоо керек болот.
Сурап-билүү телефондору: 0312 57-66-61 (коомдук кабыл алуу бөлмөсү), 0312 54-33-16, 0555 64-04-16.

