Биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №56 каттамдар жүрөт. Ар бир каттамда үчтөн автобус болорун айтышты.
Автобустар күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин каттайт.
Жол кире банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө — 70 сом, накталай төлөмдө — 90 сом болмокчу.

