7-июлга карата аба ырайы


Шейшембиде өлкө аймагынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Таласта +27…+32, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын регионунда +23…+28 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында +32…+34, Чолпон-Атада +22…+24 градусту көрсөтөт.