Asman Airlines компаниясынын Бишкектен Раззаков шаарына багыт алган учагы кайра келип конгонун «Кыргызстан аэропорттору» компаниясынан билдиришти.
Маалыматта учак техникалык себептерден улам кайтканы айтылат. Аба кемеси аман-эсен конгон, аны учуп-конуу тилкесинен сүйрөтүп чыгышкан.
Компания кошумча маалымат берилерин айтты.

