Эрлист Акунбеков Италиянын айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөр федерациясы менен меморандумга кол койду


 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Италиянын Айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрүнүн улуттук федерациясынын (FederUnacoma) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ айыл чарбасын механикалаштыруу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана агроөнөр жай комплексин модернизациялоо багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Жолугушууда тараптар агрардык секторду техникалык жактан жаңылоо, санариптештирүү жана айыл чарба техникасын биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Италиянын агрардык тармактагы кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен FederUnacoma ортосунда да өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлуп, тармактагы өнөктөштүктү жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө негиз түзүлдү.