Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан казакстандан келаткан 34 м3 пиломатериал артка кайтарылды.
Аталган департаменттен билдиришкендей, текшерүү учурунда Казакстанга таандык 34 м3 пиломатериал Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 3.7 пунктуна ылайык, жүк артка кайтарылды.

