Ысык-Көлдүн Бостери айылында түндө милиция кызматкерлери чөгүп бараткан кишини сактап калды.
Окуя 14-июлга караган түнү болгон.
«Түнкү жөө кайгуул учурунда кызматкерлер көлдүн ортосунан жардам сураган үндү уккан. Убакытты текке кетирбестен, караңгыда көлгө кирген милиция кызматкерлеринин ыкчам жана чечкиндүү аракеттеринин натыйжасында сууга чөгүп жаткан болжол менен 45–50 жаштагы кишини жээкке аман-эсен алып чыгышкан», — деп айтылат таратылган маалыматта.
Тартип сакчылар алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң Тез жардам кызматына өткөрүлүп беришкен. Эс алуучу Ош облусунун 54 жаштагы жараны болуп чыккан.
Каарман кызматкерлер Жети-Өгүз РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Ибрагим Жеңишов жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун взвод командири, милициянын лейтенанты Элдияр уулу Турсунбек экени айтылды.

