Бишкекте кайрадан ыш маселеси башкы көйгөй болуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева парламенттин 28-октябрдагы отурумунда айтып чыкты.
«Абанын булгануусуна үйлөрдүн көмүр менен жылытылуусу, автоунаалар менен катар өндүрүштүк ишканалар да себеп болуп жатышат. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматында 2024-жылы Боз-Бөлтөктөгү беш ишканада экологиялык талаптар бузулганы айтылган. 2025-жылы да текшерүү жүргүзүлгөн, тапшырмалар берилген. Ошол текшерүүлөрдөн кийин эл үчүн эмне өзгөрүү болду? Абанын сапаты жакшырдыбы? Жергиликтүү элдин катышуусу менен текшерүү жана лабораториялык өлчөөлөр жүргүзүлүп, жыйынтыктары ачык жарыяланышына протоколдук тапшырма берилүүсүн өтүнөм», — деди Рахат Жунушбаева.
Белгилей кетсек, күн суукташы менен Бишкек кайрадан абасы булганган шаарлардын сап башына чыкканы 27-октябрда белгилүү болду.

