Президент Садыр Жапаров V Элдик курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү, делегаттарды шайлоо жана уюштуруу иштерин координациялоо боюнча комитеттин курамына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Комитеттин курамынан Мамбеткерим Чекиров, Аяз Баетов жана Канат Сагынбаев чыгарылды. Алардын ордуна юстиция министри Алмаз Айылчиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев, академик Чолпонкул Арабаев жана Улуттук илимдер академиясынын өкүлү Сулайман Кайыпов кирди.

