Бишкекте көчөдөн бейтааныш адамды сабаган шектүү кармалды


Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга Щ.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда 7-Апрель көчөсүнөн бейтааныш адам эч бир себепсиз сабап, денесине жаракат келтиргенин билдирген.
 
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
 
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1967-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция коомдук тартипти бузуп, бейбаштыкка баргандар 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскертет. Учурда тергөө иштери уланууда.