Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеңеши менен биргеликте улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, отставкадагы полковник Разаков Талант Жаныбековичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Т.Ж. Разаков 1955-жылдын 9-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 1979-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ал 1981-жылы Кыргыз ССРинин КГБ органдарына кызматка кабыл алынып, кызмат өтөгөн жылдары ыкчам кызматкерден тартып КГБ – КР УКМКнын ар кандай бөлүмдөрүнүн жетекчисине чейинки жолду басып өткөн. Көп жылдык кынтыксыз кызматы, жогорку кесипкөйлүгү жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоого кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
Кызматтык ишмердүүлүгү менен катар Талант Жаныбекович өзүн талантуу журналист жана жазуучу катары да көрсөтө алган. Ал улуттук коопсуздук органдарынын тарыхына жана ишмердүүлүгүнө арналган, кызматтын жана анын ардагерлеринин элесин сактоого чоң салым кошкон бир нече китептердин автору.
Т.Ж. Разаковдун жаркын элеси, анын кесипкөйлүгү, кызматтык милдетине болгон берилгендиги жана адамдык сапаттары кесиптештеринин, досторунун жана аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Талант Жаныбековичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Орду толгус жоготуунун күйүтүн тең бөлүшөбүз.

