«Славян базары» фестивалында Нурдөөлөт Деркембаев 3-орунга ээ болду

Screenshot

Белоруссиянын Витебск шаарындагы XXXV «Славян базары» Эл аралык искусство фестивалынын алкагында өткөн
Жаш эстрада ырчыларынын арасындагы сынакта Нурдөөлөт Деркембаев 3-орунга ээ болду.

Бул тууралуу Кыргызстандан барган чыгармачыл делегациясынын жетекчиси Гулнара Тойгонбаева билдирди.

Маалым болгондой сынакка 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Ал эми Балдар музыкалык сынагында Алимхан Муратов дипломант наамына татыган.