Тоңдогу жол кырсыгында бир үй-бүлөдөн үч бала каза болду


Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катталган жол кырсыгында бир үй-бүлөдөн үч бала каза болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 19-июлда болгон, Караколду көздөй бараткан Hyundai Palisade жана Chevrolet машинелери каршы тилкеге чыгып, Honda Stream, Chevrolet Spark жана Volkswagen Vento автоунаалары менен сүзүшкөн.

Кырсыктан 16, 4 жаштагы эки бала менен бир ымыркай каза болуп, дагы бир нече адам жабыркаган.

Hyundai Palisade унаасынын айдоочусу 1990-жылы туулган Б.А. кармалганы кабарланды.