Кыргызстандын экспорттоочулары туш болгон негизги көйгөйлөрдүн бири – ишенимдүү транспортту табуу жана продукцияны тышкы рынокторго өз убагында жеткирүүнү уюштуруу болуп саналат.
Ушуга байланыштуу санариптик логистикалык чечимдер өзгөчө мааниге ээ. ATI.SU платформасы экспорттоочуларга ортомчуларсыз эле ылайыктуу транспортту түздөн-түз табууга жана текшерүүдөн өткөн жүк ташуучулар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул кошумча чыгымдарды азайтып, эл аралык жүк ташууларды уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Платформаны колдонуу айыл чарба жана тамак-аш продукцияларын экспорттоочулар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып, транспортту ыкчам табууга жана товарларды тышкы рынокторго жеткирүүнү натыйжалуу уюштурууга жардам берет.
ATI.SU платформасына катталуу жана аны колдонуу боюнча маалымат алуу үчүн ATI.SU компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Эмирлан Бейилбаевге төмөнкү байланыштар аркылуу кайрылсаңыз болот:
+996 555 001 548
emirlan.n@ati.su

